Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПга байланыштуу маселени карайт


Социал-демократтар партиясынын талаштуу үгүт урааны
Социал-демократтар партиясынын талаштуу үгүт урааны

Борбордук шайлоо комиссиясы Социал-демократтар партиясынын үгүтү боюнча келип түшкөн арыздарды карайт. БШК мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул маселе 30-сентябрда каралмак, бирок тийиштүү документтер даяр болбой калгандыктан бүгүнкүгө калган.

“Азаттык” партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков КСДПнын үгүт жарнамалары боюнча чара көрүүнү суранып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Анда КСДП “Президентти колдойлу!” деген урааны менен Башмыйзамды бузуп жатканы белгиленген. Айрым жарандык активисттер да ушундай эле негиз менен партияны шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда.

Мыйзам боюнча мамлекет башчы эч бир партияны жандабай, шайлоо учурунда бейтарап болушу керек.

Партиянын Бишкектеги штабынан билдиришкендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев КСДПны менин партиям деп мурдатан ачык айтып жүргөндүктөн, жогорудагы ураан үгүткө колдонулуп жатат.

“Азаттык” партиясынын “Азаттык” радиосуна тиешеси жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG