Бүгүн Бишкекте 1-октябрь карылар күнүнө карата жарманке өтөт. Эркиндик сейил багындагы иш-чарада улгайган адамдар жасаган буюмдар сатыкка коюлат. Аны “Карылардын өзүнө-өзү көмөктөшүү” уюму уюштурган. Жарманкеге премьер-министр Темир Сариев да катышат.
Андан сырткары, бул күнгө карата мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар улгайган адамдарга арнап өлкө боюнча түрдүү иш-чараларды уюштурат. Карылар үйлөрүндөгү багар-көрөрү жок карыяларга белек-бечкектер да тапшырылууда. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы адиси Мира Тургунбаеванын “Азаттыкка” белгилешинче, 1-октябрдан тарта карылар үйүндөгүлөрдүн дары-дармегине бөлүнчү каражат көбөйөт. Мурда бир күнгө дары үчүн 6,5 сом бөлүнсө, азыр ал 12 сомго көтөрүлдү.
Кыргызстанда 408 миңден ашуун пенсионер бар. (КЕ)