Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Ошто шайлоо күнү милицияга 2 миң жаран жардам кылат


4-октябрдагы парламенттик шайлоого карата Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгына элдик кошуундун 2 миң өкүлү көмөктөшөт. Спорттук клубдардан, мамлекеттик мекемелерден жана жеке жарандардан түзүлгөн кошуун күч кызматкерлери менен кошо шайлоо күнү көчөдөгү тартипти жана шайлоо участокторундагы коомдук абалды көзөмөлгө алышат.

Учурда Ош шаарынын ички иштер кызматкерлери элдик кошуундун мүчөлөрүнө эл менен иштешүү эрежелери боюнча атайын окууларды өткөрүп жатат. Добуш берүү күнү жалпы республика боюнча күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Элдик кошуундар буга чейин да түрдүү ири өнөктүктөр учурунда милицияга жардам берип келген. Ош шаарында 80 шайлоо участогу бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG