Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Камчыбек Ташиев БШК чечими боюнча Жогорку Сотко кайрылат


Шайлоо тизмесинен алынган талапкер Камчыбек Ташиев райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку Сотко кайрыларын “Азаттыкка” айтты.

- Ал адам болбогон окуя боюнча арыз жазып, атайын анткорлонуп, чагым кылды. Ал жаракат алган жок, эч жери сынып же көгөргөн эмес. Бул жөн гана атайын уюштурулган шоу болду,- деди Ташиев.

Саясатчы мындан ары өнөктөшү Өмүрбек Бабанов менен бирге болорун, алардын ортосуна от жагууга аракет кылган күчтөрдүн ойлогону ишке ашпай турганын белгиледи.

Кечээ, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиевди шайлоодон алып салган чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

"Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 28-сентябрда Боршайкомдун чечими менен шайлооого катышуу укугунан ажыраган. Буга 26-сентябрда "Өнүгүү Прогресс" партиясынын Сузактагы штабында талкалоо болуп, талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон. Факт боюнча кылмыш иш козголгон, бирок Ташиевге айып коюла элек. БШКнын чечими милициянын маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Боршайком мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, "Өнүгүү Прогресс" партиясынын кеңсесинде үгүт баннерлери жулунуп, ичи талкаланганы - факт. Бул шайлоо мыйзамдарынын бузулушу катары бааланат.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG