Нарында бүгүн Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгы жаңы имаратка көчкөнүнө байланыштуу салтанаттуу жыйын өттү. Ага министр Мелис Турганбаев катышты.
Ак-Талаанын милициясы буга чейин 1939-жылы курулган, эскилиги жеткен, шарты начар имаратта турчу. Ушул жылдын башында өкмөт райондун борборундагы мурунку турмуш-тиричилик үйүнүн эски имаратын бир миллион сомго сатып берген. Аны оңдоп-түзөп, жабдууга дагы 15 миллион сом бөлүнгөн.
Ичиндеги спорт залга жабдуу алуу үчүн президенттин фондунан 300 миң сом берилген. (MiK)