Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Үлүш жерин тарттырдым дегендер пикетке чыкты


Ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында Чүйдүн Новопавловка айылынын 5 тургуну пикет өткөрүүдө. Алардын бири Кыялкан Токтогонованын "Азаттыкка" айтымында, айылдын көптөгөн тургундарынын үлүш жерлерин "айыл өкмөт, прокуратура, сот кызматкерлери тымызын бөлүштүрүп, мыйзамсыз сатып жиберген":

- "Алтын ордо", "Ак ордо" жаңы конуштары түшкөн жерлер биздин атыбызга үлүш катары жаздырылып, сатылып кеткен экен. Муну далилдеген архивдик материалдар колубузда бар.

Токтогонованын белгилешинче, алар былтыртан бери өкмөттөн жардам сурап, маселени териштирүүнү сурап келатат, бирок эч натыйжа боло элек.

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын саны 50дөн ашуун. Алардын көбү жумушсуздук, ички миграциянын айынан басып алуу, мыйзамсыз бөлүштүрүү жолу менен ээленгендиктен инфраструктурасы дээрлик жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG