Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Бишкек ШИИБ: Жер сатып берем деген шылуун аял кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, 56 жаштагы Алтынбүбү аттуу тургун милицияга арыз менен кайрылып, Бактыкай деген аял анын ишеничине кирип, жер сатып берем деп 2800 долларын алдап алганын билдирген. Мындан тышкары дагы үч жаран бул аялдын үстүнөн арызданып, жер алабыз деп ага 4 миң доллардан акча бергендиктерин билдирген.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Бишкек шаарынан кылмышка шектүү 76 жаштагы аял кармалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG