Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген 24 объект шаар бийлигине кайтарылды


Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1990-жылдардан бери ар кандай жолдор менен менчик колго өтүп кеткен 24 объект муниципалдык бийликке кайтарылып алынды. Анын ичинде бассейн, эмкана, бала бакча жана жер тилкелери бар.

Ормонов белгилегендей, алар бул имараттарга Ош шаардык прокуратурасы менен биргеликте сот аркылуу жетишкен.

Эгемендик алган жылдардан кийин Ош шаарында жүздөгөн мамлекеттик объекттер жана жерлер жеке колго өтүп кеткен. Шаардын Курманжан датка кичи районундагы муниципалдык эс алуу багы Жалил Атамбаев аттуу ишкерге өтүп кеткени ал фактылардын эң чырлуусу катары белгилүү.

Ишкер ал жерге көп кабат үй, чайхана жана ресторан куруп алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG