Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

"Чоң ападан сатып ал!" жарманкеси өтүүдө


Бүгүн Бишкекте Карылар күнүнө карата "Чоң ападан сатып ал!" аттуу жарманке өтүп жатат. Эркиндик бульварынын Киев жана Чүй көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө улгайган жарандар өз колу менен кийиз, жыгачтан жасаган буюмдар сатылууда.

Мындай иш-чараны Age Net International уюму соңку бир нече жылдан бери "Жүрөктөн жүрөккө" акциясынын алкагында октябрь айынын алгачкы күнү уюштуруп келатат. Бүгүнкү жарманкеге Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын өкүлдөрү катышууда.

Максат - мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн карылардын көйгөйлөрүнө бурдуруп, өз ара жардамдашуу топторунун ишин көрсөтүү жана аз да болсо пенсионерлердин кирешесине кошумча каражат табуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Кыргызстанда пенсия алган кары адамдардын саны 408 миң.(RK)

XS
SM
MD
LG