Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Кундуздун басымдуу бөлүгү талиптерден бошотулду


Кундуз шаарын талиптер 28-сентябрда басып алышкан.

Кундуз шаарын талиптер 28-сентябрда басып алышкан.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү эки күн мурда Талибан кыймылынын колуна өтүп кеткен өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарынынын басымдуу бөлүгү согушкерлерден бошотулганын кабарлашты.

Бул тууралуу Ички иштер министрилигинин өкүлү Седик Седикки өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Ал коопсуздук күчтөрү шаардын көп бөлүгүн өз көзөмөлүнө алып, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Бул кабарды шаар полициясы да ырастап, согушкерлер чоң жоготууларга учураганын билдирди.

Талибан кыймылы бул тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Талиптер Кундуз шаарына 28-сентябрдын таңында чабуул коюшуп, кечке маал толугу менен өз карамагына алышкан. Эртеси күнү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү аймакты кайтарып алуу операциясын баштаган.

Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясына үстүбүздөгү жылдын апрель жана июнь айларында да кол салуу аракеттери болгон.

Байкоочулардын айтымында, ушул жылдын башында Эл аралык коалициянын күчтөрү Ооганстандан чыгарылып кетиши менен согушкерлердин активдүүлүгү күч алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG