Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Орточо пенсия жашоо минимумуна теңелди


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда улгайгандардын орточо пенсиясы жашоо минимумуна тең. Премьер-министр Темир Сариев Карылар күнүнө карата куттуктоосунда пенсиянын орточо өлчөмү 4870 сом экенин айтты.

Статистика комитетинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда бир айга керектелүүчү каражат (жашоо минимуму) пенсионерлер үчүн кеминде 4822 сом болушу керек деп аныкталган. Ал эми жалпы калк үчүн 5387 сом.

Бүгүн Карылардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда да түрдүү акциялар, кайрымдуулук иш-чаралары өтүп жатат. Пенсия алган улгайган жарандардын саны 408 миң адам. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG