Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Кебекчиева: "Ура, жашасын КСДП!" деп сүрөп, кол чапканыбыз кылмыш эмес


Кара-Кулжада КСДП партиясынын шайлоого карата жолугушуусун кызуу даярдап жатканы видеого жашыруун тартылып, интернетке чыккан Жээнбү Кебекчиева андагы ураандар мыйзамга каршы келбесин билдирди. Бул окуяны "Азаттыкка" комментарийлеп жатып ал:

- “Ура, ура, жашасын КСДП партиясы” деген ураан нормалдуу эле көрүнүш. Мен учурда эмгек өргүүсүндө жүрөм. Андыктан Кыргызстандын эркин жараны катары кайсы бир партияга иштөөгө укугум бар. Башка партиялар лидерлерин ат мингизип, колуна куш карматып тосуп жатпайбы. Аларга караганда биздики жөнөкөй тосуп алуу болчу. Видеодогу адамдар партиянын мүчөлөрү.

Жээнбү Кебекчиева акимиатта иштерин ырастады.

Үч мүнөткө жетпеген видео 30-сентябрда тараган. Анда залга чогулган отуздан ашык адам кудум майрамдык иш-чарадай парламент төрагасы, социал-демократтардан талапкер Асылбек Жээнбековду салтанаттуу тосууга кызуу кол чаап, сүрөп даярданып жатканын көрүүгө болот.

Кебекчиева бул тасманын жашыруун тартылып, интернетке тарашын КСДПга карата кара пиар деп атоодо.

Ал эми район акими Каныбек Алиязов Кара-Кулжа райондук администрациясынын жыйындар залындагы бул окуяга жергиликтүү бийликтин тиешеси жоктугун "Азаттыкка" кабарлады.

Аталган видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, сынга кабылган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG