Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Кыргызстан ФИФА рейтингинде 9 тепкич жогорулады


Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 16-июнь, 2015-ж. Бишкек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы сентябрь айына карата жарыяланган эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) жаңы рейтингинде 9 тепкич жогорулады. ФИФАнын сайтында 1-октябрда жарыяланган тизмеде Кыргызстан 195 упай топтоп 146-орунга жайгашты.

Улуттук курама сентябрь айында 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын алкагында Иордания курамасы менен беттешип 0:0 эсебинде тең чыккан эле. Бул оюндун жыйынтыгынан кийин Иордания 8 тепкич артка чегинип 99-катарды ээлеп турат.

Айдын эң мыкты командасы деп 65 тепкич жогорулап, 95-орунга чыккан Либерия курамасы аталды.Алдыңкы 10 мыктылардын көч башын Аргентина, Германия жана Бельгия жетектейт.

Дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдешинде Кыргызстан менен бир тайпада ойногон Австралия 3 позиция жогорулап 58-сапка, Тажикстан 2 тепкич төмөндөп 160, Бангладеш курамасы 9 тепкич артка жылып тизмеде 182-сапка жайгашты.

ФИФАнын октябрь айы үчүн кезектеги рейтинги 5-ноябрда жарыяланат.

Кыргыз футболчулары 8-октябрда Тажикстан, 13-октябрда Бангладеш курамалары менен беттешет. (ECh)

XS
SM
MD
LG