Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Астанада “Ислам мамлекетин” жактаган деп шектелген адам кармалды


Сирияда согушуп жүргөн казакстандыктардын саны эки жүзгө жетти

Сирияда согушуп жүргөн казакстандыктардын саны эки жүзгө жетти

Казакстандын баш калаасы Астанада “Ислам мамлекети” эсктремисттик тобун жактап жүрөт деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди. Кармалган адам социалдык тармактар аркылуу диний-экстремисттик мүнөздөгү, анын ичинде “Ислам мамлекети” эктремисттик тобуна байланыштуу материалдарды жайылтып жүргөн.

Шектүү Астананын Ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Улуттук коопсуздук комитетинин соңку маалыматтарына ылайык, Сирия менен Ирактагы согуш талааларында 200дөй Казакстандын жараны бар.

Ар кандай маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2 миңден 4 миңге чейин жетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG