Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Хорватия аркылуу эки аптада 90 миңдей качкын Евробиримдикке кирди


Сербиядан Хорватияны көздөй келаткан качкындар

Сербиядан Хорватияны көздөй келаткан качкындар

Бул тууралуу 1-октябрда Хорватиянын ички иштер министри Панко Остожик билдирди. Ал Хорватиядагы лагерде беш эле адам калып, башкалары Венгрия аркылуу Батыш Европаны көздөй багыт алганын билдирди.

Венгрия Сербия менен чек арасына тикен зым тартып салган соң, 16-сентябрдан баштап миңдеген качкындар Хорватияны көздөй умтулушкан. Алардын дээрлик бардыгы Германия же Швецияга жетип алууну көздөшөт.

Быйыл Евробиримдик буга чейин болуп көрбөгөндөй рекорддук бозгундардын агымына кабылды. Соңку маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери алардын саны жарым миллиондон ашты. Качкындардын көбү согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадан келгендер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG