Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Москвада Орусиядагы кыргыз мигранттарынын маселеси талкууланат


Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов эртең, 2-октябрда Москвада Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" министрликтин миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Каныбек Сартбаев билдирди.

Анын айтуусунда ушул тапта министр Екатеринбург шаарында жүрөт. Эртең Москвада мигранттардын Орусияда жүрүү шартын жеңилдеткен келишимдерден кийин жаралган айрым көйгөйлөр талкууланат.

Буга чейин Орусиянын миграциялык "кара тизмесине" кирип калуу тобокелчилиги бар мигранттарга 1-ноябрга чейин Орусиядан чыгып, кайра кирүү жолу менен миграциялык тарыхын жаңылап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү менен айрым жарандардын кайра Орусияга кире албай калган учурлары катталганы кабарланган.

Азыранкулов Орусияга 30-сентябрда кеткен. Анын иш сапары 2-октябрга чейин уланат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG