Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Орусия жогорку окуу жайларына кыргыз жаштарын көбүрөөк тартууну сунуштоодо


Орусиянын жогорку окуу жайларына кыргыз жаштарын көбүрөөк тартуу маселеси каралат. Бул туурасында бүгүн, 1-октябрда Екатеринбург шаарында Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев Кыргызстандын жаштар министри Айбек Азыранкулов менен жолугушууда билдирди. Ал Орусиянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандын жаштарын кабыл алуу квотасын көбөйтүү сунушун Орусиянын Билим берүү министрлигине жолдогону жатканын айтты.

Мындан тышкары Куйвашев Свердлов облусунда эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга көңүл буруларын билдирди.

Аталган облуста Кыргызстандын 26 миң жараны иштеп жүрөт. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG