Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Алматы: коомдук транспортто электрондук төлөм системасы киргизилди


Алматыдагы автобус аялдамасы

Алматыдагы автобус аялдамасы

Алматыда бүгүнтөн баштап коомдук транспортто электрондук төлөм системасы киргизилүүдө. Шаардын транспорт компаниясына караштуу башкармалыктын жетекчиси Болот Жумагалиевдин айтымында, Алматы коммуналдык автобус паркынын 158 автобусуна жаңы аппараттар коюлду.

Пенсионер, студент жана мектеп окуучулар үчүн электрондук карта 1-декабрга чейин бекер берилет.

Картанын балансын атайын терминалдардан толуктап турса болот. Бардык троллейбус, автобус, трамвай жана метродо эмки жылдын 1-январына чейин кагаз билеттер да жарай бермекчи.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG