Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

“Арча” адабий сыйлыгынын баш байгеси ээсин тапты


"Арча" адабий сыйлыгынын 2014-жылкы баш байгесинин ээси А.Койчиевге берилген диплом. Бишкек ш., Кыргызстан. 29.9.2015.
"Арча" адабий сыйлыгынын 2014-жылкы баш байгесинин ээси А.Койчиевге берилген диплом. Бишкек ш., Кыргызстан. 29.9.2015.

“Турар” басмасынын жана “Ала-Тоо” журналынын “Арча-2014” адабий сыйлыгынын баш байгеси тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевге ыйгарылды. Аяк оонанын (сентябрдын) 29унда Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн аземде Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы, дипломат, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов жана “Турар” басмасынын жетекчиси, ишкер жана меценат Тилек Тураркул уулу Мураталиев мырзалар бул сыйлык тууралуу дипломду А. Койчиевге салтанаттуу тапшырышты. Бул сыйлык жаш жазуучунун “Бакшы менен Чыңгыз-хан: (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)” деп аталган жаңы романы үчүн ыйгарылды.

Арслан Капай уулу ар кыл тарыхый доорлорду роман тилинде баяндоо жаатында эмгектенип келет. Анын "Айта бар менин кебимди" аттуу дагы бир тарыхый романы 2012-жылдын жалган куран (март) айында жыйынтыкталган "Арча" адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнөн деп табылып, экинчи даражадагы адабий байгеге татыган. “Мисмилдирик” деп аталган алгачкы романы - Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук күрөштү жана андан кийинки Улуу Үркүндү көркөм чагылдырылган заманбап чыгармалардын бири.

Арслан Капай уулу Койчиев 1990-жылдардын ортосунда “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген. Ал “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун сыйлыгына (2013) да татыган.

XS
SM
MD
LG