Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Австрияда “ИМге” кошулгусу келген үч чечен камалды


Австриядагы качкындар лагери
Австриядагы качкындар лагери

Бүгүн Австрия соту буга чейин өлкө бийлигине баш паанек сурап кайрылган чечен улутундагы үч качкынды камакка алуу чечимин чыгарды. 20 жаштагы жигит жубайы жана энеси менен Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кетүүнү көздөгөн.

Бул үчөө Түркияда кармалышкан. Ал жакка депрессия жана психикалык оору менен жабыркаган энесине жардам көрсөтүү үчүн барышканын айтышкан.

Судья Даниэль Рехенмахер бул жөн гана шылтоо экенин айтып, үчөөнү бир жарым жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

DPA агенттиги маалымдагандай, чечим Австрия Сирия жана Ооганстандан келген миңдеген качкындардын агымына туш болуп жаткан маалда чыгарылды.

XS
SM
MD
LG