Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ош: эстакадалык көпүрө октябрдын соңунда бүтөт


Көпүрөнүн курулушу
Көпүрөнүн курулушу

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн ишке берүү мөөнөтү дагы жылдырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жол башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, калаанын Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу 90% аяктап калды. Учурда көпүрөнүн үстүнө асфальт басуу жана анын айланасындагы кошумча жолдор бүткөрүлүүдө. Анда 120дан ашуун курулушчу эки нөөмөт менен иштөөдө.

Эстакада көпүрөнүн курулушу 2013-жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атап, 2015-жылдын жазында ишке берерин айткан. Ал убадасынан эки-үч айдан кийин эле өзү кызматтан кетип, көпүрөгө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Калаа башчылыгына жаңы келген Айтмамат Кадырбаев көпүрө быйыл жайында бүткөрүлөрүн билдирген болчу.

Буга чейин көпүрө 5-октябрь, Ош шаар күнүнө карата ачылары айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG