Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту уланат


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин соту болот. Өткөн соттук отурумга Коркмазов ден соолугуна байланыштуу келбей калып, ишти кароо бүгүнкүгө жылдырылган. Адвокат Кайрат Загибаев депутат бүгүнкү соттук жараянга катышарын “Азаттыкка” ырастады.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Коркмазов ден соолугуна байланыштуу алгач үй камагына чыгарылып, кийин кайра эле абакка отургузулган. (КE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG