Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Ооганстан: Кундуздагы абал иликтөөгө алынат


Кундуз шаары. 1-октябрь, 2015-жыл
Кундуз шаары. 1-октябрь, 2015-жыл

Ооганстан президенти Ашраф Гани Кундуз шаарын талиптерден бошотуу операциясы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал күн-түн дебей шаарды согушкерлерден бошотуу үчүн иштеп жаткан күч кызматкерлерине өз баасын берип, өкмөт тараптан жоготуулар болбогонун жакшы жаңылык катары белгиледи. “Кундузда ички же уруулардын ортосундагы согуш болгон жок”, - деди Ооган лидери.

Президент Ашраф Ганинин кеңсеси билдиргендей, ал Кундузду "Талибан" басып алышына шарт түзгөн жагдайларды иликтөө үчүн атайын делегация жөнөтмөкчү. Ошондой эле бул жагдайда өз укуктарынан аша чапкандар жазаланары да эскертилди.

Ооган Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кундузда өткөн түнкү операциялар учурунда 150дөй согушкер жок кылынып, шаар талиптерден тазаланды. Бирок "Талибандын" өкүлдөрү ооган бийликтеринин Кундузду алдык деген ырастоолорун четке кагууда.

300 миңдей калкы бар Кундуз шаарынын борборуна талибдер 28-сентябрдын кечинде өз туусун илгенге жетишкен. Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш Кундуз провинциясында талибдер буга чейин быйыл апрель жана июнь айларында чабуул жасап, шаарды камалоого алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG