Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Евробиримдик Киевге 3,5 млн. евро бөлдү


Украинанын жана Европа биримдигинин лидерлери

Украинанын жана Европа биримдигинин лидерлери

Европа биримдиги Украинадагы жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 3,5 млн. евро бөлдү. Бул тууралуу биримдиктин өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Каражат шайлоону жалпы демократиялык стандарттарга туура келгендей ачык жана таза өткөрүү үчүн берилип жатканы белгиленген.

Быйыл жайында Украин парламенти жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өткөрүү боюнча долбоорду жактырган. Шайлоо 25-октябрда өтөт. Жогорку Рада кабыл алган долбоорго ылайык, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда шайлоо өтпөйт.

Бирок аталган аймактар шайлоону өз алдынча өткөрө тургандыгын айтып келишет. Расмий Киев муну катуу сындап, шайлоо жыйынтыктарын тааныбай турганын айткан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG