Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"Шайлоону таза жана ачык өткөрүү" меморандумуна 11 партия кол койду


"Шайлоону таза жана ачык өткөрүү" меморандумуна бүгүнкү күнгө карата 11 партия кол койду. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Шайлоону элдик көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңеш" уюмунун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымында, шайлоого катышып жаткан 14 партиянын ичинен "Азаттык", "Өнүгүү Прогресс" жана КСДП партиялары гана кол кое элек.

Уюм БШКдан каттоодон өтүп, шайлоо күнү добуш берүүгө көзөмөл жүргүзмөкчү. Байкоонун жыйынтыгы менен саясий маданияттуулукту көрсөткөн партияларга грамота, ал эми мыйзам бузууга баргандарга бокс мээлейи тапшырылат.

Меморандум уюмга шайлоонун калыс, таза, акыйкат өтүүсүн, добуш берүүдөн кийинки абалды көзөмөлдөө укугун берет. ​

"Парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча улуттук кеңеш" уюму былтыр 9-декабрда түзүлгөн. Анын курамында Амангелди Муралиев, Султан Урманаев, Кусейин Исаев сыяктуу 13 белгилүү инсан бар. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (JM)

XS
SM
MD
LG