Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

Тазабекова: Партияларга шайлоо убадасын унутууга жол бербейбиз


"Шайлоону элдик көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңеш" уюму партияларга шайлоо убадаларынан качууга жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйында уюм өкүлү Айчүрөк Тазабекова билдирди. Уюм шайлоо өнөктүгү аяктагандан кийин да ишин улантат. Алар Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын шайлоо убадаларын жана программасын аткарышын талап кылат.

Айчүрөк Тазабекованын айтуусунда, уюм партиялардын программаларынын негизинде атайын мыйзам долбоор иштип чыгып, парламентке сунуштайт:

- Ошондо партиялар өзүнүн шайлоодогу убадасын көтөргөн биздин демилгелерди колдойбу, жокпу көрөбүз. Биз аларга элди алдап парламентке өтүп алышына жол бербешибиз керек.

"Шайлоону таза жана ачык өткөрүү" меморандумуна бүгүнкү күнгө карата 11 партия кол койду. Шайлоого катышып жаткан 14 партиянын ичинен "Азаттык", "Өнүгүү Прогресс" жана КСДП партиялары гана кол кое элек.

Меморандум уюмга шайлоонун калыс, таза, акыйкат өтүүсүн, добуш берүүдөн кийинки абалды көзөмөлдөө укугун берет. ​

"Парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча улуттук кеңеш" уюму былтыр 9-декабрда түзүлгөн. (JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG