Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Ак үй Орусиянын Сириядагы аба соккуларын "башаламан операция" катары баалады


Орусиялык аскердик учак Сириянын аэродромунда. 1-октябрь 2015
Орусиялык аскердик учак Сириянын аэродромунда. 1-октябрь 2015

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Орусиянын Сириядагы авиачабуулдарын “Сирия оппозициясына каршы багытталган башаламан аскердик операция” катары сыпаттады. Маалыматтарга караганда, орусиялык истребителдер 1-октябрда АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги машыктырган козголоңчулардын лагерине сокку урган. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-октябрда Нью-Йоркто сүйлөп: "Орусиянын аба күчтөрү Сирия армиясы менен макулдашып, “Ислам мамлекети” жана башка террорчулардын жабыттарын бутага алууда”, деп билдирди.

АКШнын аскер жетекчилигинин айтуусунда, орусиялык өнөктөштөр авиасоккуну президент Асаддын оппоненттерине эмес, “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына урушу керек. Анын алдында АКШ жана Орусиянын аскерий өкүлдөрү Сирияда эки жактын удаа аскерий операция өткөрүүсү боюнча бир сааттык видеоконференция өткөрүшкөн. Сүйлөшүүгө Пентагондун өкүлү Питер Кук “ачык айкын жана профессионалдуу деңгээлде өттү” деп баа берди жана Пентагон чалгындоо маалыматтарын Орусия менен бөлүшпөйт деди.

XS
SM
MD
LG