Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Сарпашев: Айрымдар башка шайлоо участогунда катталып калганын билбейт


Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев көпчүлүк жарандар башка шайлоо участокторунда катталып калгандыктан өздөрүн таппай калып жатканын айтууда. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйында билдирди.

Сарпашевдин айтуусунда, мыйзам боюнча ар бир жаран №2 форманы толтуруп, добуш бере турган дарегин өзгөртүү укугуна ээ. Мындай мүмкүнчүлүктөн 237 миң жаран пайдаланды.

- Бүгүнкү күндө айрым жарандар өздөрүн тизмеден таппай жатат. Текшере келсек, паспортун башка бирөөгө берип койгон экен. Алар форманы толтуруп, башка шайлоо участогуна каттатып койгону аныкталды. Мисалы Токтогул районундагы шайлоочу паспортун бирөөгө берип, ал аны Сокулук районуна каттатып койгон. ИИМ буга ким айыптуу экенин иликтеп жатат, - деди Сарпашев.

Биринчи вице-премьердин пикиринде, буга кайсы бир партияга добуш бердирүү кызыкчылыгын көздөгөн үгүтчүлөр барып жатышы мүмкүн. (AzK)

XS
SM
MD
LG