Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Ашраф Гани Кундузда өзбек жана чечен террорчулары да бар экенин айтты


"Ислам мамлекети" тобунун желдеттери колго түшүргөн трофейлерин Кундуз провинциясынын элине көрсөтүүдө. 1-октябрь 2015

"Ислам мамлекети" тобунун желдеттери колго түшүргөн трофейлерин Кундуз провинциясынын элине көрсөтүүдө. 1-октябрь 2015

Ооган президенти Ашраф Гани кечээ Кабулдагы маалымат жыйынында коопсуздук күчтөрүнүн Кундуз шаарын талип согушкерлеринен кайтаруу операциясы тууралуу сүйлөп, салгылашта өкмөттүк аскерлерден жоготуу болбогонун айтты. Ал согушчандардын арасында өзбек жана чечендер да бар экенине токтолду.

- Кундузда көп сандагы эл аралык террордук уюмдар топтолгон. Өзбек же чечен козголоңчулары сыяктуу эл аралык террорчул топтордун Ооганстанга эч кандай тиешеси жок. Алар өлкөбүздү согуш майданына айландыруу үчүн салгылашууда. Ошон үчүн Ооган элин ошол уюмдарды камоого алууга чакырам.

Ооганстандын Коргоо министрлиги бейшемби күнү улуттук армия талиптерди Кундуздан сүрүп чыгарышты деп билдирди. Бул маалыматты согушкерлердин өкүлү төгүнгө чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG