Бейшемби күнү “Казмунайгаз” компаниясынын май куйчу жайларында АИ-92 маркасындагы бензин 130 тенгеден сатылды. Бирок, Helios, Royal Petrol жана “Газпром” компаниялары бензиндин литрин 125 тенгеден сатышты.
Сентябрдын баш ченинде казак өкмөтү АИ-92/93 маркасындагы бензиндердин наркын мамлекет тарабынан чектөөнү токтоткон чечим кабыл алган.
Бүгүн Казакстандын Улуттук банкы орноткон нарк боюнча, 1 АКШ доллары 270 тенгеге, 1 кыргыз сому 3.94 тенгеге барабар болду.