Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

"Ата Мекен" Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө жооп кайтарды


Шайлоого катышып жаткандар арасында Бакиевдердин тойлоруна катышып, ыр ырдап, интервью алып жүргөндөр бар экенин Башкы прокуратура көз жаздымда калтырууда. Бул тууралуу бүгүн "Ата Мекен" саясий партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

Башкы көзөмөл органы бүгүн Мелис Мырзакматовдун видеокайрылуусун көрсөткүсү келген "Ата Мекен" анын кайсы жерде экенин билет деген мааниде билдирүү таратып, бул партияны мыйзамды, сот чечимдерин урматтоого чакырган болчу.

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов шаарда эстакада көпүрө курууда мамлекеттин акчасын жымырып алган деген айып менен быйыл жайында 7 жылга сыртынан соттолгон. Ал өлкөдөн чыгып кеткендиктен азыр каякта экени белгисиз.

Мырзыкматов парламенттик шайлоого катышып жаткан "Ата Мекен" партиясын колдой турганын айтып, талапкерлер тизмесине кирип, кийин БШК чечими менен алынып салынган.

1-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мырзакматовдун "Ата Мекенди" колдоого үндөгөн кайрылуусун эфирге чыгарууга тыюу салган.

Учурда Беларуста жашап жаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары 2010-жылдагы кандуу окуялар үчүн айыптуу деп сыртынан соттолгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG