Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

УКМК: Кармалган жаран теракт уюштурууну көздөгөн


Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында жүргүзүлгөн атайын контртеррористтик операция учурунда кармалган 43 жаштагы жаран террордук акт уюштурууну көздөп жаткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кармалган адам эл аралык террористтик топтун мүчөсү экени, Кыргызстандын аймагында колго жасалган жардыргыч менен теракт уюштурууну көздөгөнү аныкталды. Ал муну сурак учурунда мойунуна алды.

Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда анын жанынан колго жасалган тапанча, ок-дары, граната, жардыруучу компоненттер, бычак, кастет жана экстремисттик мазмундагы адабият табылган.

Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (AzK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG