Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Гамбургдагы бош имараттарга качкындар жайгашат


Германиянын Берлинден кийинки экинчи чоң шаары Гамбург.

Германиянын Берлинден кийинки экинчи чоң шаары Гамбург.

Германиянын Гамбург шаардык кеңеши ээн жаткан коммерциялык имараттарды мигранттарга жана башпаанек издегендерге үй катары пайдаланууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды.

Бул жөнүндө Гамбург мэриясынын өкүлү Улферт Кафенгст 2-октябрда билдирди. Анын айтымында, мыйзам менчик батирлерге жайылбайт. Германиянын башка шаарлары сыяктуу эле Гамбург Сирия, Ирак жана Ооганстандан келген качкындарды жайгаштыруунун амалын издөөдө. Өткөн аптада калаанын качкындар борборунда түрдүү топтор өз ара мушташкан. Быйыл Германияга кеминде 1 миллион мигрант келет деп боолгонууда. Берлиндин шаардык өкмөтү да бош турган коммерциялык имараттарды тартып алып, качкындарга үй кылуу жөнүндө токтом чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG