Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Олланд Путинге Сирия боюнча шарт койду


Владимир Путин жана Франсуа Олланд Украин маселесине арналган Париж жолугушуусунда. 2-октябрь, 2015-жыл
Владимир Путин жана Франсуа Олланд Украин маселесине арналган Париж жолугушуусунда. 2-октябрь, 2015-жыл

Парижде «Нормандия төрттүгү» же Германия, Франция, Орусия жана Украинанын лидерлеринин кездешүүсү башталды. Сүйлөшүүдөгү башкы тема - Украинада тынчтык орнотуу маселеси. Жыйын алдында француз президенти Франсуа Олланд орусиялык коллегасы Владимир Путин менен кездешти. Рейтер агенттигинин кабарлашынча, эки лидер Сирияда кызматташуу боюнча Париждин шартын талкуулашкан.

Франция Орусиянын согуштук учактары «Ислам мамлекети» тобу жана «ал-Каиданын» гана өңүттөрүнө сокку уруп, жөн-жай элдин коопсуздугун камсыздап жана Башар Асадды бийликтен кетирүү жараянын баштоосун талап кылган.

XS
SM
MD
LG