Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Казакстанда Улуттук банк кредит акыны 4% жогорулатты


Теңгенин алмашуу курсу. Алматы, 14-сентябрь, 2015-жыл

Теңгенин алмашуу курсу. Алматы, 14-сентябрь, 2015-жыл

Казакстандын Улуттук банкы 2-октябрдан тарта кредит үчүн төлөнчү акыны 4% көтөрдү же 16% чыгарды. Улуттук акча теңгени колдоого багытталган бул кадам, Улуттук банктын билдиришинче, инфляцияны 6-8% деңгээлинде кармап тургууга багытталды.

Казак өкмөтү августта теңгени көгөндөөнү токтотуп, эркин коё бергенден бери финансы рыногун туруктуу кармоого 1 миллиард доллардан көп акча жумшады. Мурда 208 теңге 1 АКШ долларына сатылса, андан кийин 1 доллар 300 теңгеге чейин көтөрүлүп барып ылдыйлады.

Июнда Улуттук банк 1 долларды 170-188 теңгеге сатса, 2-октябрда 1 АКШ доллары 270 теңге, 1 кыргыз сому 3.94 теңгеге бааланды. Андыктан көпчүлүк ишкерлер өз ара эсептешүүлөрдө долларды пайдаланышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG