Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Жон Керри менен Эрлан Абдылдаев эки өлкө алакасын талкуулашты


АКШ мамкатчысы Жон Кери жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2-октябрда Вашингтондо кездешти.

Мамдепартаменттин кабарлашынча, жолугушууда АКШ-Кыргызстан ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү жигердүү талкууланып, эки жак өз ара байланышты жаңы нукта өнүктүрүүгө ыңгай келип турганын ырасташкан.

АКШ жана Кыргызстан коопсуздукту чыңдоо, экстремизм коркунучуна каршы күрөшүү жана дүйнөдөгү туруктуу өнүгүүгө салым кошуу сыяктуу глобалдык көйгөлөрдү тең бөлүшкөнүн айтышкан.

Жон Керри Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөрдү оң баалап, АКШ Кыргызстандын элин колдоону уланта берерин баса белгилеген. Ал кыргыз өкмөтү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун эркин жана адилет өтүүсүн камсыздоосу маанилүү экенине көңүл бурду, - деп билдирди АКШ Мамдепартаментинин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG