Парламенттик шайлоого аттанган партиялар бир айга созулган үгүт иштерин бүгүн токтотту. Мыйзам боюнча добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлер өздөрүн жарнамалоону токтотушу керек.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда болот. Саясий өнөктүккө 14 партия аттанган. Алар – “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Ата Мекен”, “Аалам”, “Ар-намыс”, КСДП, “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Азаттык”, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан элдер конгресси”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика Ата-Журт” жана “Бир бол” партиялары.
Расмий маалымат боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны 2 миллион 761 миң 297 жаранды түзөт. (SE)