Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Орусияга бараткан тажик жараны Ошто жасалма паспорт менен кармалды


Ош эл аралык аэропортунан “Ош-Новосибирск” багытындагы каттам менен учууга аракет кылган Тажикстандын жараны жасалма паспорт менен колго түштү. Ал 26 жашта экенин, өз өлкөсүндө алган документи жараксыз болуп чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жасалма документтер менен чек арадан өтүүгө аракет кылган бул окуя соңку ай ичиндеги үчүнчү факт. Сентябрь айынын ортосунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү бекети аркылуу жасалма паспорт менен келаткан казак жараны, кийинчерээк ID-картасы жасалма кыргыз жараны колго түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG