Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 21:10

Аида Салянованын күйөөсү жети жылга шарттуу кесилди


Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров жети жылга шарттуу кесилди. Мындай чечим 2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда чыгарылды.

Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы ушул жылдын март айында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айып таккан. Ага УКМК мурда да “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боёмочулук кылган” деген беренелер боюнча күнөө койгон болчу.

Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерди өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган эле. (SE\JsO)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG