Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Гватемалада жүздөгөн адам жер көчкү астында калды


Гватемала өлкөсүндөгү Эл-Камбре Дос айылында жер көчкү жүрүп, жүздөгөн адамды басып калды. Кырсык баш калаадан 15 чакырым алыста болду. Куткаруу кызматы азырынча 26 адамдын жасаты табылганын, арасында бир канча бала бар экенин кабарлады.

Окуя жума күнү болгону, катуу жамгырдан улам тоодон жер көчүп, үйлөрдү басып калганы айтылууда. Маалыматтарга караганда, уранды астында калган айрым адамдардын үнү угулуп, жакындарына телефон чалгандары да болууда.

Куткаруучулардын жумушуна токтоосуз жаап жаткан жамгыр кедергисин тийгизип жатат.

Гватемала борбордук Америка чөлкөмүндө жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG