Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Нигериядагы жардырууда кеминде он беш адам өлдү


Нигерия баш калаасы Абуджа шаарындагы кош жардыруудан кеминде он беш адам мерт кетип, 40тан ашууну жараат алды.

Калаада 3-октябрга караган түнү эки жардыруу болду. Алгач Кудже районундагы полиция участкасында, андан кийин Няня районундагы автобус бекетинде бомба жарылган.

Алдын ала кабарларга караганда, бомбанын калдыктары буга чейин “Боко Харам” экстремисттик тобу колдонгон жардыргыч заттарга окшош.

Президент Мухаммед Бухари кылмышкерлер кармалып, тиешелүү жазага тартыларын убада кылды.

“Боко Харам” тобу Нигерияда акыркы кездери кол салууларды көбөйткөн. Соңку үч айда эле алардын айынан 800дөй нигериялык жашоо менен кош айтышты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG