Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Сохтуктар жаңы шайлана турган кыргыз депутаттарына кайрылды


Өзбекстандын Кыргызстандын ичинде жайгашкан эксклавы – Сох айылынын тургундары Кыргызстандын парламентине келе турган жаңы депутаттарга кайрылуу жолдоду. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы аркылуу айтылган билдирүүдө коңшу өлкө жарандары чек араны аныктоо иштерин жандантууну суранышкан.

Ошондой эле чек ара тилкелери аныкталбаганына байланыштуу эки өлкө жарандарынын ортосундагы тез-тез жаңжалдашуу болуп жатканы, чек арачылар тарабынан жөнөкөй жарандар запкы көрүп келатканы баяндалат.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара көйгөйү бир канча жылдан бери чечилбей келүүдө. Быйыл августта Ташкендеги чек ара маселелери боюнча эки тараптуу жолугуу өзбек тараптын айынан үзгүлтүккө учураган. Кыргызстандан барган делегацияны өзбек расмийлери кабыл албай койгон жана кыргыз өкмөт өкүлдөрү эки күн күтүп, кайтып келүүгө аргасыз болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG