Бүгүн Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү. Ушу тапта бардык шайлоо бекеттери расмий ачылууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда 2374 шайлоо участогу иштерин, анын 36сы чет өлкөлөрдө жайгашканын “Азаттыкка” билдирген.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны 2 миллион 761 миң 297 адам. Анын арасында 15 миңден ашууну чет элде жашаган кыргызстандыктар.
Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орунга 14 партия ат салышууда. (RK)