Чүйдүн Аламүдүн айылынын Молодежная көчөсүндө жайгашкан №15 үйдө 3-октябрдын түнүндө өрт чыгып, төрт үй-бүлө көчөдө калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жалпысынан 13 адам жашаган барак түрүндөгү үйдүн шифер жабылган 250 чарчы метр чатыры жана 4 батирдин жыгач шыбы, эмереги, кийим, төшөнчүсү күйгөн.
ӨКМ үйсүз калгандарга Аламүдүн айыл өкмөтүнөн жатакана даярдаган, бирок жабыркагандар ал жакка баруудан баш тартып, туугандарынын үйлөрүнө жайгашты. (RK)