Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

"Демократия жана жарандык коом үчүн" уюмунун 1,5 миң байкоочусу иштөөдө


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн аталган уюм даярдаган 1500 байкоочу компьютердин жардамы менен тандалып алынган 500 шайлоо участогунда болуп, мыйзам бузууларды катташат.

Мындан тышкары башка шайлоо участкаларын кыдыра турган мобилдик топтор иштейт.

Белгилүү болгондой, партиялар да өздөрүнүн байкоочуларын койгон. Парламенттик шайлоого чет мамлекеттен келген 611 байкоочу көз салууда. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG