Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын интернет аркылуу түз көрсөтөрүн билдирген. Ага ылайык, атайын шилтемеде саат 10:00дөн тарта кайсы аймакта канча шайлоочу келип добуш бергени көрсөтүлмөк.
Ушул тапта шилтемеде маалымат чыга элек.
Маалыматтар 4 саат сайын жаңыртылып, кечки саат 8ге чейин добуш берүүгө катышкандардын саны көрүнөт.
Ал эми кайсы партия канча добуш алганы андан кийин гана билине баштайт. (RK)