Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Атамбаев: Айрым партиялар шайлоодон ызы-чуу чыгарууга кызыкдар


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн №5 кесиптик лицейде добуш берип жатып, айрым партиялар шайлоодон өтпөсүн билип туруп ызы-чуу чыгарыш үчүн баратканын белгиледи. Ал шайлоодо мыйзам бузгандар камаларын, аларга карата чечкиндүү чаралар колдонуларын билдирди.

Мындан тышкары президент КСДП партиясы өткөн шайлоого караганда көбүрөөк орунга ээ болот деп ишеним артып турганын белгиледи.

Бийликчил КСДП партиясы өткөн 2010-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңештен 26 орун алган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG