Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Чет мамлекеттерде саат 13:00 карай 300дөн ашуун кыргызстандык добуш берди


Бул туурасында “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, чет мамлекетте жүргөн жарандардан шайлоо тизмесине 15 миң 344 киши катталган. Ушул тапта алар 36 шайлоо участкаларында добуш берип жатышат.

Шайлоо участкалары 26 мамлекетте:Орусия, Украина, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, АКШ, Канада, Улуу Британия, Түндүк Ирландия, Белгия королдугу, Австрия, Германия, Түркия, Кытай, Жапония, Корея, Индия, Малайзия, Сауд Арабстан, Кувейт, Бириккен Араб эмирлиги, Иран, Пакистан, Ооганстан, Швейцарияда ачылып, шайлоочуларды кабыл алууда. Чет мамлекеттеги добуш берүүчүлөрдүн кийинки жыйынтыгы саат үчтө белгилүү болот. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG