Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:38

Сарпашев: 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 30% добуш берди


Саат 14:00гө карата жалпы Кыргызстан боюнча добуш бергендердин саны 30% болду. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

- 1000 адамдын ичинен 3-5 адам гана өзүн тизмеден таппай калган учурлар болуп жатат, бирок бул жапырт көрүнүш эмес, - деп ишендирди ал.

Сарпашев шайлоо участкаларындагы айрым техникалык мүчүлүштүктөр жоюлганын белгиледи.

Тартип коргоо органдары добуш сатып алуу фактылары бар экендигин, аларды териштирүү жүрүп жатканын билдирүүдө.

Шайлоого көз салып жаткан бейөкмөт уюмдун байкоочулары дагы партиялар шайлоочулардын добушун сатып алуу адатынан арыла албай, өзгөчө кошумча шайлоо участкаларында мыйзам бузуу көбүрөөк катталып жатканын билдиришкен. Мындай участкаларда эл көп болууда. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG