Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Рысбек Нурдинов билдирди. Ош шаарында саат 14:00гө карай 36 801 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 27,6 пайызын түзөт.
Мындан кийинки маалымат саат 16:30га чыгарын аталган кызматтан кабарлашты.
Ош шаарында жалпысынан 133 388 шайлоочу бар, 80 шайлоо участогу иштеп жатат. (ErN)